"Кызды урматтадым". Арзубек Вонама казак блогери Мерей Абилова менен элдешти
RU

"Кызды урматтадым". Арзубек Вонама казак блогери Мерей Абилова менен элдешти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз дизайнери, Vonama брендинин негиздөөчүсү Арзубек Вонама буга чейин казакстандык блогер Мерей Абилова менен таарынышып кеткен. Алар 3-апрелде элдешкенин Арзубек Вонама билдирди.

Айтымында, Казакстанда өткөн иш-чарага экөө тең барышкан.

"Адаттагыдай эле иш-чарага баргам. Ал жакка Мерей Абилова да конок болуп барыптыр. Ал мага таарынып жүргөн. Буга чейин ортодо пикир келишпестик болгон. Кечээ бир иш-чарада чогуу болуп калдык. Жигиттик намысым тынч отургузган жок. Кыздын кырк чачын урматтап, казак кызынын алдынан өтүп коюуну туура көрдүм. Экөөбүз Рамазан айында бири-бирибизди кечирүүнү туура көрдүк. Мындан ары кызматташып, эки элдин достугуна салым кошолу деген келишимге келдик. Мындан ары достугубуз уланат деп ойлойм", - деди ал.

Эске салсак, Арзубек Вонама февраль айында Бишкекте мода көргөзмөсүн уюштурган. Ага казакстандык моделдерди жана блогер Мерей Абилованы чакырган. Бирок блогер начар мамиле болду деп көргөзмөгө катышпай кетип калган. Ал эми дизайнер бул боюнча өзүнүн пикирин айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11353