"Артынан аңдып, бычак сайган". Ошто келиндин өлүмүнө күйөөсү шектелүүдө
RU

"Артынан аңдып, бычак сайган". Ошто келиндин өлүмүнө күйөөсү шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында 23 жаштагы келин киши колдуу каза болду. Кылмышка шектелип маркумдун күйөөсү кармалды. Маалыматты Kaktus.kg сайтына Ош ШИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, 2-апрелде болжол менен саат 23:00 чамасында Ак-Буура суусунун боюнан 2000-жылы туулган келиндин сөөгү табылган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1995-жылы туулган жаран кармалган. Ал маркумдун күйөөсү.

Кармалган жаран алгачкы көрсөтмөсүндө аялын кызганып, ошол күнү анын артынан аңдып, Набережная көчөсүндө отурганда мойнуна бычак сайганын айткан. Окуядан кийин жардам көрсөтпөй кетип калганын кошумчалаган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланууда.

Жубайлар Кара-Суу районунун тургундары.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11356