Полиция Дональд Трампты камакка алды
RU

Полиция Дональд Трампты камакка алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дональд Трамп Манхэттен округунун прокурорунун кеңсесине 4-апрелде келген жана расмий түрдө кылмыш иши козголгонго чейин камакка алынган, деп билдирет CNN.

Жакынкы убакта экс-президенттин манжа издери алынып, андан соң сот залына алып келинери күтүлүп жатат.

Канал белгилегендей, камакка алынгандан кийин Трамптын колуна кишен салынбайт жана кылмышка шектүү катары анын жүзү жана профили толугу менен сүрөткө түшпөйт.

Сотко бара жатып, Трамп өзүнүн Truth Social баракчасына: "Булар мени камаганы жатышат. Мындай нерсе Америкада болуп жатканына ишене албай турам" деп жазган.

30-мартта Манхэттен округунун калыстар тобу Дональд Трампка кылмыш ишин козгоо үчүн добуш берген. Америкалык маалымат каражаттарынын айтымында, экс-президентке бизнес документтерин бурмалоого байланыштуу отуздан ашык айып тагылышы мүмкүн.

Маалым болгондой, айыптоонун бири 2016-жылдагы шайлоого чейин Трамп менен сексуалдык мамилеси тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбоого макул болгон порноактриса Сторми Дэниэлске (чыныгы аты-жөнү – Стефани Клиффордс) 130 миң доллар төлөөгө байланыштуу.

Америкалык маалымат каражаттары белгилегендей, Трамп АКШнын тарыхында кылмыш жоопкерчилигине тартылган биринчи президент болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11361