Токтогулда сарайына 25 кг марихуана сактап жүргөн жаран аныкталды
1727
Токтогул районунун тургуну сарайына 25 кг марихуана сактап жүргөн. ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, бул факты боюнча "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо" менен кылмыш иши козголду.
Баңгизаттар тууралуу ыкчам маалымат алгандан кийин, Токтогул районунун 41 жаштагы Б.З. тургунунун үйүндө текшерүү жүргүзүлгөн. Анда сарайда жерге кургатылган кара куурай табылган. Алынган заттар эки полиэтилен баштыкка салынган, алардын жалпы салмагы контролдук таразада 25 кг марихуаннаны түзгөн.
slide 2 of 4
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/11370