Парламент мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө макулдук берген жок
RU

Парламент мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө макулдук берген жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн зарылдыгынан күмөн санашууда. Парламенттин 5-апрелдеги жыйынында тиешелүү мыйзам долбоорун талкуулашты.

Буга чейин жарыяланган Мамлекеттик мүлк фондунан билдиришкендей, Министрлер кабинети "Бакай Банк", "Керемет Банк", "KICB" банкындагы жана эки мекеменин – "СК Ресурс" менен "Каприздин" акцияларын сатууну көздөп жатат.

Талкууда Медербек Алиев Советтер Союзу тарагандан кийин бир катар мамлекеттер менчиктештирүү программасын кабыл алышканын, бул терс көрүнүш элдин эсинде дагы деле бар экенин белгиледи.

"Менчиктештирүү программасы эмес болчу. Түз айтканым үчүн кечирим сурайм, албетте. Кыйынчылык менен курулган завод-фабрикалардын көбү соодагерлерге бекерге сатылып кеткен, бала бакча, мектептердин ордуна, сауналар пайда болду. Албетте, кийинки менчиктештирүү программасы да ушундай жол менен ишке ашат деген коркунуч бар", - деди депутат.

Аны Адахан Мадумаров да колдоду.

"Өткөндөн сабак алышыбыз керек. Мамлекеттик мүлк пайда таппаса анын жетекчисине чара көрүшүбүз керек. Жетекчи көтөрө албайт, акылы жетпейт деп эле мүлктү сатуу туура эмес. Мамлекеттик мүлктү сатканга болбойт, баарын ошол бойдон калтыргыла. Муну менен чоң пайда алып келесиңер", - деп депутат чиновниктерге кайрылып, кесиптештерин мыйзам долбоорун четке кагууга чакырды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында парламент мыйзам долбоорун экинчи окууда четке какты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11377