Аксы районунда 7-класстын окуучусу төрөдү
RU

Аксы районунда 7-класстын окуучусу төрөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аксы районунда 7-класстын окуучусу көз жарды. Бул маалыматты Kaktus.media редакциясына райондук билим берүү башкармалыгы тастыктады.

Башкармалыктын жетекчиси Талант Эмилбек уулунун айтымында 14-жаштагы кыз райондук төрөтканадан көз жарган. Төрөтү бир калыпта өтүп, татаалдашып кетүүлөр болгон эмес. Өспүрүм кыздын жана анын баласынын абалы канаттандыраарлык.

"Ал сабакка катышып жүрчү экен, жалаң бешке окуган окуучу, конкурстарга катышып жүргөн. Мектепте анын кош бойлуу экенин эч ким билген эмес. Өспүрүм кыздын үй бүлөсү орто турган адамдар, атасы да апасы да бар. Учурда тиешелүү кызматтар окуяны териштирип жатышат. Мектеп жетекчилигин жоопко тартуу чарасы каралууда", - деп Талант Эмилбек уулу айтып берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1137