Дене тарбия жана спорт департаментинин директорулугуна мурдагы жетекчинин досу келди
RU

Дене тарбия жана спорт департаментинин директорулугуна мурдагы жетекчинин досу келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дене тарбия жана спорт департаментинин директору болуп Айбек Абдымомунов дайындалды. Аны жетекчилик орунга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун сунуштаган дешет министрликтен.

Айбек Абдымомуновду эмгек жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырып, Кыргызстандын атын чыгара турган тармактардын бири - спорт экенин белгилеп, спортчулар менен тыгыз, натыйжалуу иштеп, Кыргызстандын желегин көптөгөн чет өлкөлөргө желбиретет деген ишеничин билдирди.

Өмүр баяны:

  • Айбек Абдымомунов 1983-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган.
  • 2004-жылы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин дене тарбия адистиги аяктаган.
  • Бокс менен 6-классынан тарта машыгып, эң жакшы натыйжаларга жетишкен. Бокс боюнча улуттук категориядагы калыс, Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.

Эмгек жолу:

  • 2002-жылы Каракол шаарындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде бокс боюнча машыктыруучу;
  • 2005-2010-жылдары Түп балдар-өспүрүмдөр мектебинде бокс боюнча машыктыруучу;
  • 2010-жылы Бишкек шаарынын бокс боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде окуу бөлүгү боюнча директордун орун басары;
  • 2011-2014-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген;
  • 2014-2015-жылдары Бишкек шаарынын бокс боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору;
  • 2015-2016-жылдары бокс боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебин кайра уюштурууга байланыштуу спорттук мушташ өнөрү боюнча директордун орун басары;
  • 2016-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясында бокс боюнча Улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу;
  • 2017-2018-жылдары Ысык-Көл облустук олимпидалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору;
  • 2018-жылы "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик мекемесинин спорт боюнча инструктору;
  • 2018-2019-жылдары "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик мекемесинин өрткө каршы кызматынын башчысы;
  • 2019-2020-жылдары Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун башчысы;
  • 2020-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик мекемесинин директору.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11381