Call-борбор: кичи автобустун айдоочусу салондо тынымсыз тамеки тартат
RU

Call-борбор: кичи автобустун айдоочусу салондо тынымсыз тамеки тартат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media`нын Call-борборуна шаар тургуну коомдук транспорттун айдоочусуна карата арызданды. Анын айтымында, айдоочу автобустун салонунда тамеки чегип, андан улам жүргүнчүлөр дем ала албай калат.

"№150 маршруттук каттамдын айдоочусу Асанбай кичи районунан дайыма түтүн каптаган автобуста чыгат. Жол бою оозуна тамеки алып отурат. "Тамеки чекпеңиз" деп сурангандарга орой мамиле жасап, тамеки тартууну улантат. Коомдук транспортту эмес, жеке унаасын айдап бараткандай. Бул ачык мыйзам бузуу да, ким көзөмөлгө салат?", - дейт ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11382