Жогорку Кеңеш каржы пирамидасын жарнамалагандарды жазалоо боюнча мыйзам кабыл алды
RU

Жогорку Кеңеш каржы пирамидасын жарнамалагандарды жазалоо боюнча мыйзам кабыл алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Парламент каржы пирамидасын жарнамалаган таанымал адамдарды жазага тартуу жөнүндө мыйзам кабыл алды.

Буга ылайык, каржы пирамидаларын жарнамалап жеке өзү ири суммада киреше тапкандарга 2-2,5 миллион сом айып пул салынат же болбосо 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Демилгечи депутаттардын бири Шаирбек Ташиев 2022-жылы каржы пирамидасына байланышкан фактылар боюнча 882 кылмыш иши козголуп, 1 052 адам зыян тартканын айткан. Алар 273 миллион сом жана 1 миллион 597 миң долларга алданышкан.

Документ президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11383