Спортчулар кесиптик майрамында ардактуу наамдар менен сыйланышты
RU

Спортчулар кесиптик майрамында ардактуу наамдар менен сыйланышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Спортчуларга жана машыктыруучуларга спорттук наамдар ыйгарылды. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Спорттун түрлөрү боюнча "КРнын эл аралык класстагы спорт чебери" наамы 7 спортчуга ыйгарылды. Андан тышкары спорттун түрлөрү боюнча "КРнын спорт чебери" наамы 14 спортчуга жана ардагерлер арасында "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу" наамдары ыйгарылды.

Аталган наамдарды департаменттин директору Айбек Абдымомунов, директордун орун басары Самат Токтоналиев, спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Райымбек Токомбаев жана спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Айдар Айтматов тапшырды.

"Эл аралык класстагы Кыргыз Республикасынын спорт чебери" наамы:

  • Мирланбеков Ноорузбек Мирланбекович, бел боо күрөшү;
  • Сапанов Дооронбек Камалидинович, бел боо күрөшү;
  • Эркулов Айдар Садымалиевич, бел боо күрөшү;
  • Уланбеков Феликс Алмазбекович, самбо;
  • Магомедов Муртазаали, аралаш муштар өнөрү ММА (ГАММА).
  • Каюмов Калысбек, Алыш-белбоо күрөшү;
  • Токтогулова Айпери, фехтование.

"Кыргыз Республикасынын спорт чебери" наамы:

  • Таалайбек уулу Адис, аралаш муштар өнөрү ММА (ГАММА);
  • Шайдуллоев Ражаб-Али, аралаш муштар өнөрү ММА (ГАММА);
  • Нурисбекова Нурзада, алыш-белбоо күрөшү;
  • Нурказым уулу Асанкелди, алыш-белбоо күрөшү;
  • Мирлан уулу Бахтияр, алыш-белбоо күрөшү;
  • Бакытова Аэлина, дзюдо;
  • Курбанахун уулу Дилмурат, оор атлетика;
  • Чалов Кылымбек, оор атлетика;
  • Касенов Нурмухамед, оор атлетика;
  • Болотбаев Нурсултан, бокс;
  • Култаев Аскат, бокс;
  • Газиев Артур, сууда сүзүү;
  • Абдимиталипова Рамида, стол тенниси;
  • Кыдырбаев Азиз, стол тенниси;

Белгилесек, бүгүн, 6-апрелде дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы белгиленүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11398