Нарында алтын кен комбинатынын жумушчусу жүк ташыган унаа менен сууга түшүп кетти
RU

Нарында алтын кен комбинатынын жумушчусу жүк ташыган унаа менен сууга түшүп кетти

Все самое интересное в Telegram

Нарындагы Солтон-Сары жайлоосунда иштеп жаткан алтын кен комбинаттын 31 жаштагы жумушчусу жүк ташуучу унаа менен сууга түшүп кеткен. Учурда аны куткаруу жана унааны чыгаруу иштери жүрүп жатканын ӨКМдан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 5-апрелде саат 16:40да куткаруучуларга билдирүү түшкөн. Солтон-Сары жайлоосуна 4 куткаруучу саат 20:30да жетишкен.

Бүгүн, 6-апрелде таңкы саат 6:00дө кошумча күч - суучул-куткаруучу жана 5 кызматкер жөнөтүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11399