Франция Кыргызстанга Pfizer вакцинасын берди
RU

Франция Кыргызстанга Pfizer вакцинасын берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 6-апрелде Франция Кыргызстанга COVID-19га каршы 20 миң 160 доза Pfizer вакцинасын берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Вакциналар буга чейин эмделгендер үчүн бустердик доза үчүн берилди.

Эми Саламаттык сактоо министрлиги эмдөөчү дарыларды сактоо үчүн ЮНИСЕФтин жардамы менен жабдыктарды сатып алат.

"Франция буга чейиин 115 миң 200 доза Moderna вакцинасын берген. Эми 16 айдан кийин кайра 20 миң 160 доза вакцинаны берүү аркылуу Кыргызстан менен чыныгы достукту жана тилектештикти көрсөтүп жатканына кубанычтамын", - деди Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус.

Кыргызстанда коронавируска каршы 1 миллион 376 миң 413 киши эмдөөдөн өткөн.

"Учурда 1 миллион 402 миң 813 доза вакцина бар", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11407