"Он жылда Акжол, Айсулууну унутабыз". Депутат спорт концепциясын иштеп чыгууну сунуштады
RU

"Он жылда Акжол, Айсулууну унутабыз". Депутат спорт концепциясын иштеп чыгууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынынында эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков өлкөнү дүйнөгө тааныткан спортчуларыбызды коом унутуп, ал эми жаштар такыр билбей турганын айтты.

Ал бул жүрүштө келерки он жылда Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова сындуу спортчулар да унутта калуу коркунучу бар экенин белгилеп, спорт идеологиясын же концепция, улуттук программа түзүүнү сунуштады.

"Эмне үчүн биз Жон Жонс, Мухаммед Али, Тайсон, Роналду, Пеле, Марадоннаны билебиз? Ошол эле учурда Кыргызстанга медаль алып келген, өлкөнүн аброюн көтөргөн тарыхый спортчуларды билбейбиз?! Азыр жаштардан сураңызчы "Каныбек Осмоналиев деген ким?" десең билеби? Сатымкул Жуманазаровду унутуп калганыбыз качан? Орзубек Назаровду эми эле унутуп калдык. Ушул турушубуза биз дагы бир 5-10 жылда Акжол Махмудовду дагы, Айсулуу Тыныбекованы, Айпери Медет кызын дагы унутабыз. Бул өтө маанилүү идеология", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11409