Депутат "Ак-Кула" ат майданынын ордуна Олимпиадалык арена куруу керектигин айтты
RU

Депутат "Ак-Кула" ат майданынын ордуна Олимпиадалык арена куруу керектигин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин 6-апрелиндеги жыйынында эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков "Ак-Кула" ат майданынын ордуна көп кабаттуу үйлөрдүн салышына каршы экенин билдирди.

Ал Бишкек үйлөргө толуп кеткенин белгилеп, алардын сапатына эч ким кепилдик бербей турганын айтты.

Депутат ипподромдун ордуна Олимпиадалык арена куруу сунушун айтып, спортчуларга шарт түзүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

"Ипподромдун ордуна кайра эле үйлөр курулат деп жатышат. Бишкек үйлөргө толуп кетти. Сапаттары кандай бир Алла Таала билет. Ошондон көрө бир Олимпиадалык арена курбайлыбы? Казактарды көрүп жатасыңар, Олимпиадалык оюндарды өткөрөбүз деген чоң амбициялар менен эл аралык конкурсттарга катышып жатышат. Бизде да арена болсун, спорт комплекс болсун, мейманкана болсун. Азыр балдарыбыз жер төлөөлөрдө машыгып, чемпион болуп атышат. Акжолдун деле машыккан жерин көргөн чет элдиктер таң калышат экен: "Ушундай жерде машыгып, чемпион болуп атасыңбы?" деп. Аренаны баштасак ФИФА деле, эл аралык спорт федерациялар каражат бөлөт. Каражат тарталы. Кыргызстанды спорт державасына айланталы", -деди депутат.

Кадырбеков Кыргызстанда спортчуларга шарт болсо биздин улан-кыздар дүйнөдө эң мыктылардын сап башында болот деп кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11410