Сербиянын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди расмий сапарга келип кетүүгө чакырды
RU

Сербиянын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди расмий сапарга келип кетүүгө чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 6-апрелде Жээнбек Кулубаев Сербия Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Ивица Дачич менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар соода-экономикалык чөйрөдө практикалык кызматташтыкты чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Кулубаев биргелешкен кызматташтыктын келечектүү багыттарын белгиледи: айыл чарба, туризм, гидроэнергетика, автомобиль жана кайра иштетүү өнөр жайы, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана жашыл экономикага өтүү.

"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жалпыга маалымдоо каражаттарына биргелешкен билдирүү жасалды. Соңунда Кыргызстан менен Сербиянын тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташуу программасына жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду", - деп айлылат маалыматта.

Ивица Дачич ошондой эле Жээнбек Кулубаевди Сербияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11414