"Коррупцияга каршы элдик кызматынын" жетекчиси кармалды
RU

"Коррупцияга каршы элдик кызматынын" жетекчиси кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Коррупцияга каршы элдик кызмат" коомдук бирикмесинин төрагасы 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Шектүү өзүн мамлекеттик органдардын биринин кызматкери катары тааныштырган.

"Ал адамдардын ишенимине кирип Октябрь райондук ИИБдин өндүрүшүндө турган кылмыш иши боюнча ар кандай маселелерди чечип берем деген шылтоо менен Бишкек шаарынын тургунунан акча талап кылган", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, кармалган киши буга чейин 200 миң сом алып, дагы 4 миң доллар сураган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11419