Жандык болсо да - эне. Мышык ооруган баласын ветеринардык клиникага алып келген
RU

Жандык болсо да - эне. Мышык ооруган баласын ветеринардык клиникага алып келген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Видеодон жолбуун мышык кичинекей баласын желкесинен тиштеп алып клиникага көтөрүп келатканын көрсө болот. Ал медиктерден жардам сурап жаткандай.

Көчө мышыктын эки баласы бар экен, экөөнүн тең көздөрүнө инфекция кирип кетип, чылпактап ачылбай калган. Мед айымдар бала мышыктарга дары тамчылатып, энесинин курсагын тойгузушкан. Клиниканын персоналы эне мышыктын акылына там беришти.

Ушуга окшош окуя Стамбулда да болгон. Ал окуяны Twitter колдонуучусу Merve Özcan жарыялаган. Мышык жөнүндөгү твиттер бир заматта 80 миң лайк чогултуп, дүйнөлүк ММКларга тараган.

"Бүгүн ооруканда тез жардам бөлүмүндө болчубуз. Бир кезде босогодо баласын тиштеп алган мышык пайда болду", - деп медик айым жазган.

Медиктер мышыктын өзүн жана баласын карап чыгып, эч кандай көйгөй табышкан эмес. Ошондо жандыктарга бир аз сүт беришип, ветеринарларга өткөрүп беришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1141