"Шаардын көркүн бузду". Маданият министрлигине 13 миң сом айып пул салынат
RU

"Шаардын көркүн бузду". Маданият министрлигине 13 миң сом айып пул салынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык мэриясы Маданият министрлигин көрктөндүрүү эрежелерин бузууга айыптады. Борбор калаа башкармалыгынан кабарлашкандай, көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекция эрежелердин сакталышын көзөмөлдөп жатат.

Анын алкагында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине карата "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренесине ылайык протокол түзүлдү. Ошондой эле "Эмгек резерви" республикалык маданият жана спорт борбору да ушул берене менен айыпка жыгылды.

Эки мекемеге тең 13 миң сомдон айып пул салынат. Материалдар административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.

Бишкек мэриясы жарандардан санитардык нормаларды, көрктөндүрүү эрежелерин сактоону суранат. Болбосо айып пул салынарын эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11421