Каныбек Иманалиев: Ар бирибиз мектебибиз үчүн 100 сомдон чогулта албайбызбы?
RU

Каныбек Иманалиев: Ар бирибиз мектебибиз үчүн 100 сомдон чогулта албайбызбы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү министрлиги быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрүн жардамга тарта турган коомдук жаңы долбоорду баштайт. Бул туурасында билим берүү системасын реформалоонун багыттары боюнча форумда министр Каныбек Иманалиев билдирди.

Министр белгилегендей, учурда мектептеги акча чогултуулардын мыйзамдуулугу боюнча дискуссия болуп жатат. Ал ата-энелердин каржылык жүгүн жеңилдетүү керек деп эсептейт.

"Азыр аймактар менен жигердүү иш алып баруудабыз - райондун кирешесинин бир бөлүгү мектепке жумшалсын деген. Мектептин техникалык керектөөлөрүн камсыздоодо ата-энелердин жүгүн жеңилдетишибиз керек", - деди Иманалиев.

Министр белгилегендей, ушул жылдан тартып бүтүрүүчүлөр өз ыктыяры менен билим алган уясына финансылык жардам көрсөтө алышат дейт.

"Быйыл "Бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясы" деген социалдык долбоор башталып жатат. Бүтүрүүчүлөр өз ыктыяры менен тиркеме аркылуу мектептин өнүгүшүнө салым кошо алат. Биз барыбыз мектептен тарбия, жашоого тажрыйба алганбыз. Мектеп биздин экинчи үйүбүз болгон. Анан ар бирибиз мектебибизге 100 сомдон которо албайбызбы?", - дейт министр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11423