Садыр Жапаров Апрель окуясын эскерип, кандай сабак алуу керектигин айтты
RU

Садыр Жапаров Апрель окуясын эскерип, кандай сабак алуу керектигин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 7-апрелде Апрель элдик революциясына 13 жыл болду. Тарыхый күнгө карата президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

"Урматтуу мекендештер! Кадырлуу кыргызстандыктар!

Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы Аксы окуясы, Март, Апрель элдик революциялары жана акыркы Октябрь окуялары - өлкө тарыхындагы саясий орчундуу окуялардан болуп калды.

Азаттыкты туу тутуп, ар дайым калыстыкка умтулган өзгөчө касиетти көкүрөгүндө аздектеп алып жүргөн кыргыз эли, аталган бул окуяларда адилетсиз башкарууга караманча каршы болуп, чырмалышкан акыйкатсыз системаны алмаштырууга тикесинен тик турган.

Тилекке каршы, Апрель элдик революциясынын баасы өтө кымбатка турду, 90дой эр-азаматыбыздын каны менен келди.

Карапайым элдин, жумурай журттун азаттыгы үчүн күрөшкөн уулдарыбыздын жаркын элестери жүрөгүбүздө түбөлүккө жашай берет.

Соңку тарыхыбыздагы бул окуялардан алынуучу эң башкы сабак – адилет башкаруу менен элдин бакубат турмушун камсыз кылуу.

Биз Ата Мекени менен жамы журтунун камын жеп, кара баштарын канжыгага байлап, өмүрлөрүн арнаган атуулдарыбыздын ой-максат, тилектерин, Кудай буйруса, орундатабыз. Эгемен Кыргызстанда ар дайым акыйкаттык өкүм сүрүп, өлкөбүз өнүгүп, өсө берсин!", - деп айтылат кайрылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11426