"Кыргызское взморье" санаторийи мамлекеттин карамагына өттү
RU

"Кыргызское взморье" санаторийи мамлекеттин карамагына өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун филиалынын балансында турган "Кыргызское взморье" санаторийи мамлекеттин менчигине өттү.

Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, "Кыргызалтындын" директорлор кеңеши "Кыргызское взморье" санаторий комплексин белгиленген тартипте Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүп берүү чечимин кабыл алган.

Аталган санаторийде "Кумтөрдүн" кызматкерлери эс алышчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11427