Опера ырчысы Сталбек Алмасбековдун сөөгү жерге берилди
RU

Опера ырчысы Сталбек Алмасбековдун сөөгү жерге берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Сталбек Алмасбековдун сөөгү жерге берилди.

Белгилүү опера ырчысы менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 7-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, аданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов баштаган бийлик өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Муратбек Бегалиев, Келдибек Ниязов, Тенти Мураталиев, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Асан Жакшылыков өндүү маданият чөйрөсүндөгү көрүнүктүү инсандар жана театрда бирге иштешкен кесиптештери, туугандары катышты.

Маркумдун сөөгү "Ала Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Сталбек Алмасбековдун үнү кооздугу жагынан бай жана кайталангыс тембрге ээ болгон. Ал көптөгөн эл аралык опера фестивалдарынын катышуучусу, КМШ өлкөлөрүндө жана алыскы чет өлкөлөргө бир нече жолу гастролго чыккан. Активдүү концерттик жана гастролдук ишмердүүлүктү алып, кыргыздын вокалдык өнөрүн татыктуу көрсөтүп, көптөгөн чет элдик театрлар менен кызматташкан.

Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Алмасбековдун демилгеси менен Кыргыз опера жана балет театрында 2002-жылы "Дебют" жаш ырчылардын чыгармачылык лабораториясы түзүлгөн, анда коомдук башталышта анын жетекчилиги астында бир катар жаш ырчылар даярдалган, алар өз театр сахнасында, республиканын шаарларында жана мурдагы Советтер Союзунун мейкиндигинде Кыргыз опера искусствосун татыктуу көрсөтүп келишет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11432