Михаил Саакашвили: Өлүм алдында жатам
RU

Михаил Саакашвили: Өлүм алдында жатам

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили камакта өлүм алдында жатканын айтты. Ал мындай билдирүүнү Politico басылсамына юрист аркылуу берген.

"Мен 2021-жылдын октябрында сегиз жылдан кийин Грузияга эркин жана таза парламенттик шайлоону колдоо үчүн кайтып келгем. Мен анда 54 жаштагы ден соолугум чың, энергиялуу адам болчумун. Келээрим менен грузин бийлиги тарабынан камалдым. Ошол бойдон камактамын. Камакта ушак-айыңдар жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча саясий жүйөөлөр үчүн отурам. Бул азыркы грузин бийлиги менен Кремль үчүн эле мыйзамдуу.

Ал эми түрмөдө менин ден соолугум кескин начарлап кетти: азыр өлүп баратам.

Мен системалуу түрдө физикалык жана психикалык жактан кыйноого кабылдым жана учурда оор металл менен уулануунун белгилери бар. Азыр 20дан ашкан оорудан жапа чегип жатам, алардын баары камакта пайда болгон", - деп жазган Саакашвили.

Эске салсак, саясатчы Грузияда 2021-жылдын 1-октябрында кармалган, ага бир нече кылмыш иштери боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Ал банкир Сандро Гиргвлианинин өлтүрүлүшү жана депутат Валерий Гелашвилинин сабалышы боюнча сырттан соттолгон. Биринчисинде Саакашвили үч жылга, экинчисинде алты жылга эркинен ажыратылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11437