Бишкектен Сеулга жана Сочиге үзгүлтүксүз каттамдар ачылат. Учуу графиги
RU

Бишкектен Сеулга жана Сочиге үзгүлтүксүз каттамдар ачылат. Учуу графиги

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" эл аралык аэропорту Бишкектен дүйнөнүн бир катар шаарларына үзгүлтүксүз каттамдарды ачат.

Сеул

Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, кореялык T'way Air Co., Ltd. аркылуу 2023-жылдын июнь айында Сеул – Бишкек – Сеул багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу каттамдарды ачуу пландалууда.

Жаңы багыт боюнча биринчи рейстин алдын ала датасы 11-июнь. Сеулга каттамдар жумасына бир жолу учат деп күтүлүүдө.

Москва

Ата мекендик "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы 30-апрелден тарта Бишкек – Москва – Бишкек багыты боюнча биринчи каттам ачууну пландаштырууда.

"Манас" аэропортунан Россиянын Внуково аэропортуна каттамдар жумасына эки жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.

Анталия

2023-жылдын 15-апрелинен тарта ата мекендик "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы Бишкек – Анталия – Бишкек багыты боюнча кошумча чартердик каттамдарды ачууну пландаштырууда.

Каттамдар жумасына эки жолу – шейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат. Буга чейин аталган багыт боюнча үзгүлтүксүз каттамдар аткарылчу – жумасына 7 жолу.

Сочи

Россиянын "Азимут" авиакомпаниясы май айында Сочи – Бишкек – Сочи багыты боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын ачууну пландап жатат.

Бул багыттагы биринчи каттамдын алдын ала датасы 5-май. Сочиге аба каттамдары аптасына бир жолу – жума күндөрү аткарылары күтүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11440