Кыргызстандын аймагына аткезчилик менен ташылган дарылар алынды
RU

Кыргызстандын аймагына аткезчилик менен ташылган дарылар алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан контрабандалык дарылар аныкталды. Коопсуздук комитеттен маалымдашкандай, жүктөр Баткендин Дөбө айылында алынган.

Маалыматка ылайык, 5-апрелде УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жана Чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан Дөбө айылында мамлекеттик номери Россияга таандык болгон Audi 100 үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган. Айдоочусу Баткен районунун Кара-Бак айылынын 1970-жылы туулган М.Э.М. аттуу тургуну.

Текшерүү учурунда унаанын ичинен 600 флакон "Лефлоксин 500 мл" дарысы алынган. Контрабандалык жүк менен унаа бажы терминалына коюлуп, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11446