ЖКнын экс-депутаты Ыргал Кадыралиеваны "Ак-бата" партиясынын тизмесинен чыгарып салышты
RU

ЖКнын экс-депутаты Ыргал Кадыралиеваны "Ак-бата" партиясынын тизмесинен чыгарып салышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы "Ак-Бата" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Ыргал Кадыралиеваны шайлоого катышуудан четтеди. Бул тууралуу Kaktus.media'га Бишкектик комиссиясынан билдиришти.

Буга чейин Кадыралиева Жогорку Кеңештин V чакырылышындагы КСДП партиясынан депутат болгон. Шайлоого катышуудан четтетүүгө ММКларга жайылып кеткен видео себеп болду. Анда "Ак-Бата" жаңы конушунда "Ак-Бата" саясий партиясынын депутаттыкка талапкерлер Нариман Түлеев жана Ыргал Кадыралиеванын катышуусу менен футбол боюнча турнир өтүп жатканын көрүүгө болот.

Спорттук иш чара учурунда акысыз тамак таратылган.

"Бишкек аймактык комиссиянын чечими менен депутат Кадыралиеванын каттоосу жокко чыгарылып, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузуулар үчүн партияга кат жүзүндө эскертүу берилди", - деп Аймактык комиссия билдирди.

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча үгүт иштери жүрүп жаткан учурда спорттук иш чараларды жана кайрымдуулук турнирлерин өткөрүүгө тыюу салынат.

Бишкек шаардык кеңешке шайлоо 11-апрелде өтөт. 45 орунга 25 саясий партия ат салышып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1144