Баңгизат саткан жаран 13 жылга кесилди
RU

Баңгизат саткан жаран 13 жылга кесилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Синтетикалык баңгизат сатууга айыпталганжаран 13 жылга эркининен ажыратылды. ИИМден билдиришкендей, мындай өкүмдү Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Сот 1989-жылы туулган И.К. аттуу жаранды күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Белгилей кетсек, 2022-жылы ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы тарабынан Казакстандан баңгизат ташууга кыргыз жарандарды тартып жаткан трансулуттук баңги тобун аныктоо максатында атайын операция жүргүзүлгөн. Анын алкагында 1989-жылы туулган И.К. аттуу жаран Бишкектен кармалган.

Кармалган жарандын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, жашыруун жерлерден 500 грамм салмактагы "Мефедрон" психотроптук заты жана 1 кгдан ашык марихуана салынган баштык табылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11452