Лейлекте 96 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди
RU

Лейлекте 96 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Лейлек районунда 96 үй-бүлөгө 100миң сомдон тапшырылды. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул каражаттар социалдык келишимдин негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бир жолу берилет.

Мамлекеттик бул долбоордун максаты - аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан чыгуусуна түрткү берүү жана эмгекке тартуу менен үй-бүлөлөрдүн жашоо сапатын жакшыртуу болуп саналат.

"Үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөк пул алуучу үй-бүлөлөрдүн эмгекке жарамдуу жарандары бул каражатты пайдаланып, ишкерликтин ар түрдүү багыттарында өз алдынча иштеп, үй-бүлөлүк кирешесин кеңейте алат.

Натыйжада алар жакыр үй-бүлөлөрдүн катарынан чыгат.

Белгилей кетсек, буга чейин 100 миң сомдон социалдык жардам алган үй-бүлөлөрдүн ишкерлигинин алкагында өндүргөн продукцияларынын көргөзмөсү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11455