Бишкекте ири соода түйүндүн ээси спирт ичимдиктерин мыйзамсыз өндүргөн деп камакка алынды
RU

Бишкекте ири соода түйүндүн ээси спирт ичимдиктерин мыйзамсыз өндүргөн деп камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Арча-Бешик конушунда спиртти жана спирт ичимдиктерди мыйзамсыз өндүргөн жай аныкталды. ИИМден маалымдашкандай, март айында спирт ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү жана сактоо мүмкүн делген бир катар даректер аныкталган.

Кампаларды жана башка обьекттерди текшерүү Мамлекеттик салык кызматы жана "Кыргызалко" мамлекеттик ачык акционердик кооому менен биргеликте жүргүзүлгөн. Анын алкагында Арча-Бешиктин 1971-жылы туулган О.Н. аттуу тургуну үйүндө спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү менен алектенгени аныкталды. Ошондой эле 25 канистрдеги суюктук, ар кандай маркадагы бөтөлкөлөр үчүн чаптамалардан 12 куту, капкактар салынган кутулар, кескин жыты бар белгисиз суюктук куюлган канистрлер жана башкалар табылган. Жогоруда көрсөтүлгөн жаран "Берекет Универсал" соода борборундагы ири соода түйүндөрүнүн биринин ээси. Соода жайды тинтүү учурунда күмөндүү акциздик маркасы бар жана акциздик маркасы жок 11 кутудан спирт жана спирт кошулган ичимдиктер алынган.

Бул факты боюнча 240-берененин 2-бөлүмү (Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) менен иш козголгон. Кармалган соодагер соттун чечими менен ал 1 айга камакка алынды.

Мындан тышкары кылмыш ишине тиешеси мүмкүн болгон буюмдарды жана документтерди табуу максатында дагы бир нече даректерде, анын ичинде жеке менчик үйлөрдө, дүкөндөрдө, кампаларда териштирүү амалдары жүргүзүлдү.

Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында тинтүү учурунда спирт кошулган ичимдиктер куюлган 17550 бөтөлкө, 1086 литр спирт, 3500 акциздик маркалар, көптөгөн бөтөлкө капкактары салынган куту жана башка буюмдар табылып алынган. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11479