Жети-Өгүздө 3 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан жарандар табылды
RU

Жети-Өгүздө 3 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан жарандар табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жети-Өгүз районунун дайынсыз болгон 2 тургуну аман-эсен табылды. Бул туурасында ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 7-апрелде саат 21:30 чамасында Ак-Шыйрак айылынан Барскоон айылына Toyota Land Cruiser унаасы менен кеткен 51 жаштагы У.М. жана 34 жаштагы М.А. аттуу адамдар дайынсыз болуп жаткан.

Аталган аймактагы бороонго карабай жогорудагы адамдарды издөөгө куткаруучулар, атайын техника жана "Кара-Сай" чек ара тозотунан 6 аскер кызматкери тартылган.

Чек ара кызматкерлери тозоттон 18 чакырым алыстыктан дайынсыз болуп изделип жаткан адамдарды аман-эсен табышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11485