"Атымды айтсам жаакка чаап жиберген". Өзгөчө ысымдуу Жекичандин маеги
RU

"Атымды айтсам жаакка чаап жиберген". Өзгөчө ысымдуу Жекичандин маеги

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Жекичан аттуу жаранын көпчүлүк эле биле бербесе керек. Анын ысымн уккандар таң калуусун да жашырбай, "ким койгон, эмнеге?" деген суроолорун да жашырбайт. Kaktus.kg сейрек кездешкен ысымдагы Жекичан Жантаев менен маектешип, көпчүлүктүн суроосуна жооп алды.

Айтымында, чоң атасы мындай ысымга каршы болгон.

"Мен төрөлгөн жылы Жеки Чан (белгилүү гонконгдук актёр, каскадёр, уруш искусствосунун чебери) Кыргызстанга келди дегенди угуп, атам мага Жекичан деген ысымды ыйгарыптыр. Төрөлгөнгө чейин Байтик деп коёлу деп жүрүшүптүр. Бул ысым менен сыймыктанам. Айрым учурда ыңгайсыз болот, ошондо атымды айткандан уялып Бекжан, Жаныбек деп коём. Өзүмдөн улууларга атымды толук айта албайм", - дейт ал.

Кыздар менен таанышууда эстен кеткис окуяга туш болгонун кошумчалады.

"Кыздар менен таанышканда өзүмдү Жеки деп тааныштырам. Толук айт дешет, айтып койсом күлүп же шылдыңдагансып, алар дагы Голливуд жылдыздарынын ысымдарын айтышат. Жагымсыз бир окуяны айтып берейин. Балдар менен кинотеатрга барсак, биздин алдыбыздагы катарда кыздар отурушуптур. Жанымдагылар мага атың өзгөчө го деп таанышып келүүнү сунуштап калышты. Кыздардын жанына барып таанышууну сунуштап, атымды айтсам бирөө ордунан туруп жаакка чаап жиберген. Ошондон кийин кыздардын жанына барып таанышкан жагымсыз болуп калган. Азыр социалдык тармак аркылуу, мессенджерлер аркылуу таанышам", - деп эскерди.

Өзгөчө ысымдын ээси бир топ убакыт бою чет өлкөдө миграцияда жүрүп келди. Башка мамлекетте жүргөндө ысымынын пайдасы тийгенин, жеңилдиктер болгонун да жашырган жок. Ошондой эле болочокто балдарына, кыздарына да өзгөчө ысым коюуну максат кылат.

Жекичан Жантаевдин балалыгы Токтогулдун Торкен айылында өткөн. Үй-бүлөдө 6 бир тууган. 9-классты аяктагандан кийин колледжге тапшырып, андан кийин Европа өлкөлөрүнө иштөөгө кеткен. Келечекте кино жаатында, тагыраагы, актёр катары өзүн сынап көрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11486