Өспүрүмдөр арасындагы баңгиликке каршы рейдде эки дарыканада мыйзам бузуу аныкталды
RU

Өспүрүмдөр арасындагы баңгиликке каршы рейдде эки дарыканада мыйзам бузуу аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте күчтүү дары-дармектердин сатылышы боюнча жарандардан арыз-даттануулар түшкөн. Мындан улам ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы менен Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти алдын алуу боюнча ыкчам-алдын алуу иш-чараларды өткөрүштү.

Рейд учурунда рецептсиз жана кассалык чектерсиз күчтүү таасир этүүчү дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз сатуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Текшерүүлөр боюнча Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан эки дарыкана пунктунда мыйзам бузуулар аныкталган.

Жалпысынан Тропикамиддин 30 флакону, Лириканын 38 капсуласы (прегабалин) жана 19 Сомнол таблеткасы алынган. Аталган дарыкана пункттарына 77-берененин 1-пункту жана 284-берененин 1-пунктуна ылайык жалпы суммасы 79 000 сомго айып салынды.

Мындан тышкары дары-дармек каражаттарын сатуу укугуна тиешелүү лицензиясы жок ишкердик жүргүзгөн дарыкананын ишмердүүлүгүнө текшерүүдөн кийин юридикалык баа берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11493