Кыргызстан кылмыштуулук боюнча дүйнөлүк рейтингде 31-орунда турат
RU

Кыргызстан кылмыштуулук боюнча дүйнөлүк рейтингде 31-орунда турат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан кылмыштуулук боюнча дүйнөлүк рейтингде 136 өлкөнүн ичинен 31-орунда турат. Бул тууралуу World Population Review порталынын Кылмыштуулук боюнча дүйнөлүк рейтингинде жазылат.

Тизмеде кылмыштуулук боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турган өлкөлөрдүн арасында Афганистан, Түштүк Африка да бар. Бул мамлекеттерде уюшкан кылмыштуулук, талап тоноочулук, зомбулук жогорку деңгээлде экени жазылган.

Ал эми Борбор Азиядагы өлкө боюнча Казакстан 40-орунда болсо, Өзбекстан 99-орунга жайгашкан.

Кылмыштуулук деңгээли эң төмөн, тагыраагы, коопсуз өлкөлөрдүн катарына Катар, Бириккен Араб Эмирликтери, Швейцария, Жапония, Норвегия, Дания жана Жаңы Зеландия кирген.

Улуттук статистика комитети 2022-жылы Кыргызстанда уурулук, каракчылык жана тоноо күч алганын маалымдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11495