Садыр Жапаров ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды
RU

Садыр Жапаров ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-апрелде, ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн өлкө жарандарына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча салтанаттуу аземге катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө быйыл Кыргызстанда маанилүү окуя - өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленерине токтолду.

Мамлекет башчысы сыйланып жаткандардын арасында ар түрдүү тармактардын - саламаттык сактоонун, эл агартуунун, илим-билимдин, айыл-чарбасынын, спорт тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн сиңирген эмгектерин канааттануу менен белгиледи. Президент алардын эмгеги кандай гана заман, кандай гана бийлик болбосун, замандаштарга үлгү, келечек муун үчүн өрнөк болорун кошумчалады. Алардын арасында академиктер Дүйшө Кудаяров, Мамбет Мамакеев, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев, жазуучулар Самсак Станалиев менен Советбек Байгазиев жана башкалар бар.

Президент Садыр Жапаров иш-чаранын катышуучуларын мамлекеттик сыйлыктары менен куттуктап, аларга чың ден соолук, ийгилик жана бакубатчылык каалады.

Белгилей кетсек, мамлекеттик сыйлыктар 125 адамга тапшырылды. Алардын арасында врачтар, мугалимдер, спорт машыктыруучулары, журналисттер, маданият ишмерлери, ишкерлер жана башкалар бар.

Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу Жарлыктарга 2020-жылдын август айында кол коюлган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1149