Айыл аймагынын кызматкери бюджетке 1,1 миллион сом кайтарып берди
RU

Айыл аймагынын кызматкери бюджетке 1,1 миллион сом кайтарып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК коррупциянын жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануунун алдын алуу боюнча жүргүзлгөн иш-чаралардын алкагында, Москва районунун Александровка айыл аймагынын мурдагы башчысы Б.И.Ю жана "Александровка" ("Таза-Айыл") МИ башчысы Н.С.А. тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы аныкталды.

Такталган маалымат боюнча, 2020-жылдын сентябрында Б.И.Ю жана Н.С.А. Москва районунун Александровка айылындагы таштанды полигонун рекультивациялоо жана тазалоо боюнча жасалма келишимге кол коюшкан. Жыйынтыгында, мамлекетке 1,1 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

2021-жылдын 26-мартында Б.И.Ю. аттуу жаран мурда бөлүнгөн 1,1 млн сомдон ашык суммадагы бюджеттик каражаттарды мамлекеттин эсебине толугу менен кайтарып берди.

Азыркы учурда УКМК ушуга окшогон бюджеттик каражаттарды уурдоо фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү чараларды улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1152