Бишкекте 14 мектеп окуучусунан жана 7 мугалимден коронавирус аныкталды
RU

Бишкекте 14 мектеп окуучусунан жана 7 мугалимден коронавирус аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында 1-апрелден тартып 105 окуучу каникулдан кийин мектептерине кайтып келишти. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде өткөн брифинг учурунда мэриянын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Эльмира Иманалиева билдирди.

Анын айтымында, 14 окуучу жана 7 мугалим коронавирус илдетин жугузуп, учурда дарыланып жатышат. Андан тышкары 3 496 окуучу жана 51 мугалим Курч респиратордук вирустук ооруну жугузушкан.

Балдарын мектепке жиберүүдөн кооптонгон ата-энелер арыз жазып, балдарын үйдөн эле окута алышат, деп Иманалиева эскертти. 1-апрелге карата ушундай билдирүүлөрдөн 1 237 арыз келип түшкөн.

"Баса белгилей кетчү жагдай, мектеп формасын кийүү милдеттүү эмес, бирок балдар таза жана тыкан кийинүүгө тийиш", - деди ал.

Эске салсак, Бишкекте 1-5, 9-, жана 11-класстын окуучулары офлайн форматта окуп жатышат. Ал эми 6,7,8,10-класстар үйлөрүнөн окуп жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1153