Азербайжан менен Армениянын чек арасында кагылышуу кайра жанданды. Өлгөн адамдар бар
RU

Азербайжан менен Армениянын чек арасында кагылышуу кайра жанданды. Өлгөн адамдар бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Армения менен Азербайжан орусиялык бейпилдик күчтөрү көзөмөлдөгөн Лачин коридоруна жакын чек арада жаңы кагылышуулар тууралуу айтып жатканын Би-Би-Си орус кызматы билдирди.

Армениянын Коргоо министрлиги 11-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:00 чамасында Азербайжандын Лачин шаарынан алыс эмес Армениянын аймагындагы Тех кыштагынын жанында армян аскерлери аткыланганын билдирди. Ал Арменияны Карабактын армяндар жашап жаткан бөлүгү менен байланыштырган жол. Бул жолду жана Армения анклавын Россиянын бейпилдик күчтөрү көзөмөлдөйт.

Азербайжандын Коргоо министрлиги Лачинин жанындагы азербайжандык аскерлердине Армения тараптан ок атылды деп билдирди.

Армения да, Азербайжан да алар тараптан каза болгондор жана жарадарлар бар экенин билдирүүдө.

Тех айылы Лачын шаарынан тогуз чакырым алыстыкта ​​бир сызыкта жайгашкан. Болжол менен бул жолдун жарымында орус бейпилдик күчтөрүнүн жоопкерчилик аймагы башталат.

Тынчтыкты сактоо күчтөрү ал жерге 2020-жылдын ноябрь айында Росссия, Азербайжан жана Армения кол койгон келишимдин негизинде алынып келинген. Алар Карабактын армяндар жашаган бөлүгүн көзөмөлдөп турушат. Буга чейин Карабак жолунда Лачин шаарын армян тарап басып алган, бирок 2020-жылы күзүндө 44 күндүк согушта Азербайжан жеңишке жеткенде аталган келишим боюнча кайтарылган.

Ошондон бери тараптар ар кайсы жылдардагы советтик карталарды колдонуп, алардын ортосундагы чек ара кайсы жерден өтөөрүн макулдашууга аракет кылып келишет. 30 жылдан ашык согуштук кагылыштан бери тараптар бул аймактарды демаркациялоого кирише алышкан эмес.

Аскердик артыкчылыкка ээ болгон азербайжан тарап Армениянын аймагын басып алууга аракет кылган деп бир нече жолу айыпталган.

Былтыр сентябрда чек арада акыркы согуштан берки эң ири кагылышуу болуп, эки тараптан тең ондогон адамдар каза болгон.

Башкы беттеги фото иллюстрациялык AZERTAG.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11545