70 миң сомго аскердик билет берген программа сунушталууда. Кимдер ала алат?
RU

70 миң сомго аскердик билет берген программа сунушталууда. Кимдер ала алат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коргоо министрлиги аскердик билетти 70 миң сомго алууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштап жатат.

Ал мыйзам долбоору бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин биринчи окуусунан өттү.

Демилгеленип жаткан мыйзам долбоорунда ден соолугуна байланыштуу аскерге барбай калган жарандарды альтернативдик кызматка чакыруу жазылган.

"Ден соолугуна байланыштуу кандайдыр бир көйгөйлөрү бар адамдар аскердик кызматка чакырылбай, аскердик билет ала албай жатышат. Коррупцияга жол бербей жарандар аскердик кызмат өтөй ала турган конституциялык милдеттерин ишке ашыруу керек. Буга ылайык, жарандарды мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруу, запастагы офицерлерди даярдоо программасы сунушталып жатат", - деп айтылат долбоордо.

Мыйзам долбооруна ылайык, жогорку билими бар, 30 жашка чейинки адамдар кабыл алынат. Жылына 200дөй гана жигит кабыл алынат.

Запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча мобилизациялык резервдин жыйыны аяктаганда "кенже лейтенант" деген биринчи аскердик наамы берилет.

Окутуу-жыйындын убактысы 30 күн болот. Каалоочулар ал үчүн 70 миң сом төлөшү керек.

Төлөнгөн каражаттын 49507 сому республикалык бюджетке, 20493 сому аскерлердин муктаждыктарына жумшалмакчы.

Бул программанын алкагында жылына 14 миллион сом мамлекттик казынага түшөрү болжолдонуп жатат.

"Долбоор ишке ашса офицердик курамдын резерви көбөйтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11549