Кыргызстанда былтыр 290 эркек үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган
RU

Кыргызстанда былтыр 290 эркек үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылы өлкө боюнча 9880 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында былтыр үй-бүлөлүк зомбулуктан 8725 аял, 290 эркек жапа чеккен.

Алардын ичинен 210у өспүрүмдөр.

"Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга 8725 коргоо ордери берилип, 190 ордердин мөөнөтү узартылган", - деди Зулушев.

Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча 181 кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгында 82 иш соттун өндүрүүсүнө жөнөтүлгөн. Ал эми 63 кылмыш иш жарашуу негиздери менен өндүрүштөн кыскартылганы маалымдалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11553