Жөө өтмөктөн унааларды өткөрбөй, видео тарткан блогерге 1000 сом айып салынды
RU

Жөө өтмөктөн унааларды өткөрбөй, видео тарткан блогерге 1000 сом айып салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жөө өтмөктөн унааларды өткөрбөй, видео тарткан жарандар милицияга жеткирилип, айып пул салынды. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына Республикалык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, видео тарткан балдар коомчулуктан кечирим сурашкан.

"Жөө өтмөктөн башка унаалардын өтүүсүнө тоскоолдуктарды жараткан балдар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан аныкталып, жол эрежесин бузгандыгы үчүн, 1000 сом айып салынды. Андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн Свердлов РИИБне жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.

В обратном порядке
Только важное
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11555