Бир күндө эки реванш. Айсулуу Тыныбекова Азиянын беш жолку чемпиону болду
RU

Бир күндө эки реванш. Айсулуу Тыныбекова Азиянын беш жолку чемпиону болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айсулу Тыныбекова Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын байгеге ээ болду. Финалдык беттеште монголиялык спортчу Орхон Пуревдорж менен кез келип, 9:5 эсебинде жеңишти камсыздай алды.

Пуревдорж буга чейин да Азия биринчилигинин финалында Айсулуу Тыныбекова менен кез келип, анда кыргыз балбаны утулуп калган.

Бирок оюндан кийин монгол балбанынан допинг чыгып, Пуревдорж 4 жылга күрөштөн четтеген.

Муну менен Айсулуу Тыныбекова бешинчи жолу Азия чемпиону аталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11560