Ырчы тергөөчүлөр тарабынан кыйноого алынып, киши өлтүрүүнү моюнга алууга мажбурланган
RU

Ырчы тергөөчүлөр тарабынан кыйноого алынып, киши өлтүрүүнү моюнга алууга мажбурланган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыйноо фактысына кабылган Жалал-Абад шаарынын тургуну, ырчы Белек Курманбековдун иши боюнча Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитети өз чечимин чыгарды. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы "Адилет" укук коргоо уюмунан билдиришти. Кыйноого кабылгандардын кызыкчылыгын улуттук жана эл аралык деңгээлдеги уюмдун жактоочусу Уткир Жаббаров коргоду.

Эл аралык орган 2023-жылдын 11-апрелинде чыгарган өз көз карашында Курманбековдун укуктары, анын ичинде адамдын эркиндиги жана кол тийбестиги, эффективдүү тергөө укугу бузулуп, кыйноого алынып, мажбурланган деп айтылган.

Укук коргоочулардын айтымында, 20 жаштагы Белек Курманбековду Жалал-Абад ОИИБдин жана Аксы РИИБдин 15 кызматкери 2012-жылдын 21-июлунда үйүнөн кармашкан.

"Кармоо учурунда аны катуу сабашып, муунтуп, эс-учу жоголгон абалда алып кетишкен", - дешет уюмдан.

"Күбөлөрдүн айтымында, окуяга кийлигишүүгө аракет кылган жакындары да сабалган: II топтогу майыптыгы бар апасы, таэжеси жана жубайы. Ыкчам кызматкерлер Белектин аялын коркутушуп, кылмышка катыштыгы бар деп пны камап салышарын, ал жактан кезек-кезеги менен зордукталарын айтышкан. Ыкчам кызматкерлер Белекти аялынын көзүнчө башына баштык кийгизип, кыйноого алышкан", - деп айтылат маалыматта.

Белек Курманбековду кармалгандын эртеси Аксы РИИБине жеткирилген. Милиция кызматкерлеринин "бейбаштык максатта" жергиликтүү тургунду өлтүргөн деген ынанымдарынан улам ага айып тагылган. Төрт ыкчам кызматкер жүргүзгөн сурак учурунда күнөөнү моюнга алдыруу үчүн Курманбеков катуу сабалган. Анын башына баштык кийгизишип, ашказанына жана башына урушкан.

Курманбековго карата кыйноо фактысын прокуратура да, бардык инстанциядагы соттор да тааный элек. Укук коргоочулар БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылууга аргасыз болушкан.

Белек Курманбеков 13 жылга кесилип, анын алты жылын өтөп, мунапыс менен бошотулган.

"Адилет" уюмунун жактоочусу Уткир Жаббаровдун айтымында, мындан ары БУУнун комитетинин чечимин ишке ашыруу боюнча иштер аткарылат: өкүмдү жокко чыгаруу, кыйноо фактыларын иликтөө жана компенсация төлөтүү.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11566