Казакстан менен Кытай өз ара визасыз режимди киргизет
RU

Казакстан менен Кытай өз ара визасыз режимди киргизет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстан менен Кытайдын өкмөттөрү эки тарапка тең өз жарандарына визасыз режим киргизүүнү пландап жатышат. Тиешелүү токтомдун долбоорун Тышкы иштер министрлиги даярдады деп билдирет Tengritravel.kz.

Документке ылайык, казакстандыктар Кытайда, ал эми кытай жарандары Казакстанда чек арадан өткөн учурдан тартып 30 күндөн ашык эмес жана 90 күндөн 180 күндүк мөөнөттө визасыз жүрө алышат.

Токтом долбоорунда келишимге президент Касым-Жомарт Токаевдин 18-19-майдагы Кытайга мамлекеттик сапарынын алкагында Сиань шаарында кол коюлары белгиленген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11574