"Альфа" бөлүмүнүн аскери полигондон гранатомет жарылып жаракат болду
RU

"Альфа" бөлүмүнүн аскери полигондон гранатомет жарылып жаракат болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын "Альфа" атайын бөлүмүнүн полигонунда кырсык болду. Окуу жүрүп жаткан учурда автоматтык гранатомет жарылып, бир жоокер жарадар болду. Бул тууралуу Kaktus.media'га күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алар берген маалыматка ылайык, кечээ, 2-апрелде "Ала-Тоо" аскер полигонунда УКМКнын "Альфа" атайын бөлүмүнүн жоокери автоматтык гранатометтун атып жатып жабыркаган.

Алдын ала берилген маалыматка ылайык, граната гранатометтун ичинен эле жарылган. Ага себеп заводдогу брак. Жоокер оор жаракаттарды алып, учурда реанимацияда дарыланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1157