Нуржигит Кадырбеков: Аң-сезим өзгөрүлмөйүнчө реформа кылууга болбойт экен
RU

Нуржигит Кадырбеков: Аң-сезим өзгөрүлмөйүнчө реформа кылууга болбойт экен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"7-апрелден кийин бат эле реформа болот го деп ойлогом. Бирок андай болгон жок". Бул тууралуу депутат Нуржигит Кадырбеков Kaktus.kg редакциясына берген маегинде билдирди.

"Өлкөдө баары өзгөрдү деп да эч нерсе өзгөргөн жок деп да айтууга болбойт.

Кадырбеков Кыргызстандагы шайлоо өнөктүгүн өткөрүү, андагы санариптештирүү өнүккөн өлкөлөргө караганда алда канча алдыда экенин белгилеп, буга Fпрель окуясы да себеп болгонун кошумчалады.

"Албетте мындай окуялардан кийин өзгөрүү болбой койбойт. Ким келсе дагы (бийликке) баары бир "ушул окуялар кайталанбаса экен" деген тилек менен келет. Анан өзгөрүү такыр болгон жок деп да айтып жатышат. Буга да макул эмесмин. Ошондой эле фундаменталдуу, радикалдуу өзгөрүүлөр болуп кетти деп да айта албайм", - деди ал.

Ал мурунку президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин кулашына алып келген 90 адамдын өлүмү менен коштолгон элдик толкундоо - Кыргызстандагы шайлоо процессинин өткөрүлүшүн өзгөрткөнүн айтты.

"Жакында мен бир өлкөгө байкоочу болуп барып келдим. Өнүккөн, экономикасы бизден алда канча алдыда. Бирок мурункудай эле кагаз, урна менен шайлоону өткөрүшөт экен. "Бизден жаңы эмне үйрөнө алдыңыз?" деп сураганда, күлкүмдү араң тыйдым. Ал жактан биз үйрөнө алчу жаңычылдык жок. Бул өңүттө биз өнүккөн өлкөлөрдөн бир топ алдыга кеттик деп айта алам. Мен ага сыймыктандым", - деди Кадырбеков.

"Ат үчүн болсо да бир парламенттик система куруп көрүүгө аракеттендик"

Эл өкүлү 2010-жылдагы каргашалуу окуядан кийин парламенттик системаны курууга аракеттер көрүлгөнүн белгиледи.

Бирок Нуржигит Кадырбеков классикалык, үлгүлүү парламенттик система болду деп айтуудан карманды. Ал аракет болуп, КМШ өлкөлөрү арасында биринчи жолу Кыргызстанда парламенттик системаны курууга дилгирленгенин белгиледи.

Парламенттик эмес, парламенттикке пародия

Нуржигит Карырбеков 7-апрелден кийин парламенттик системаны курууга аракет көрүлгөнү менен ал "парламенттикке пародия" болуп калганын айтты. Себеби, Жогорку Кеңеш мурунку амплуасынан чыга албай койду.

"Бирок мен айтат элем, бул парламенттик эмес, парламенттикке пародия болуп калды. Эми бир системага түшүп, бир система орнош үчүн жылдар керек окшойт. Парламент мурдагы амплуадан чыга албай койду да. Бирок бардыгыбыздын аң сезимибиз өзгөрүлмөйүнчө фундаменталдык, тамырынан реформаларды жүргүзүү кыйын экен. Мен ойлогом, бат эле реформа болсо керек деп, жок. Аң-сезимибиз өзгөрүлмөйүнчө реформа, өзгөртүүлөрдү кылыш кыйынга турат экен", - деп билдирди депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11595