Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайды финляндиялык компания иштетет
RU

Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайды финляндиялык компания иштетет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайды финляндиялык Мetso Outotec компания кайра иштетет. Бул тууралуу Кумтөрдүн басма сөз кызматы маалымдады.

"Кумтөр кениндеги калдык сактоочу жайды иштетүү боюнча сынак өтүп, дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн ондогон компаниялар өз сунуштарын беришкен. Жыйынтыгында Финляндиянын Мetso Outotec компаниясынын калдыкты кайра иштетүү ыкмасы эң оптималдуу деп табылган", - деп айтылат маалыматта.

Бул компаниянын дүйнөнүн элүүгө жакын өлкөлөрүндө өкүлчүлүктөрү бар, заманбап технологияларды колдонот деп кошумчалады Кумтөрдөн.

Metso Outotec компаниясынын сайтында азыркы учурда компания Казакстан, Өзбекстан, Армения, Монголия, Кыргызстан жана Борбордук Азия чөлкөмүндөгү башка өлкөлөрдөгү кардарлар менен гана кызматташары жазылган.

Белгилей кетсек, Кумтөрдөгү уу калдык көмүлгөн жерде 118 тонна алтын бар экенин ишкананын президенти Алмаз Барыктабасов билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11603