Ак-Суудагы психоневрологиялык стационарда бейтаптын сөөгү карагайда илинген абалда тыбылды
RU

Ак-Суудагы психоневрологиялык стационарда бейтаптын сөөгү карагайда илинген абалда тыбылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ак-Суудагы психоневрологиялык социалдык стационарда бейтаптын жансыз денеси табылды. Маркумдун сөөгү карагайда эки ай турган деп болжолдонууда. Мындай маалыматты Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунан билдиришти.

Маалым болгондой, 11-апрелде улуттук борбордун Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө билдирүү түшкөн. Анда ушул жылдын 6-февралынан бери дайынсыз болуп, издөөгө алынган бейтаптын жансыз денеси 10-апрелде табылганы кабарланган. Бейтаптын сөөгү Ак-Суудагы психоневрологиялык стационардын аймагындагы карагайда илинип турган абалда аныкталган.

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбордун кызматкерлери эксперт менен кошо стационарга барышып, жетекчилик менен жолугушкан. Ошондой эле каза болгон аял менен бир бөлмөдө жаткан бейтаптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, окуя болгон жерди карап чыгышкан. Тергөөчүнүн айтымында, өлүм боюнча иш козголгон, экспертизанын корутундусу күтүлүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11606