Кыргызстанда шифер завод мыйзамсыз иштейт. Анын KG Group менен байланышы болушу мүмкүн?
RU

Кыргызстанда шифер завод мыйзамсыз иштейт. Анын KG Group менен байланышы болушу мүмкүн?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургундары Kaktus.media сайтына кайрылышып, акыркы бир нече айдан бери шаарда шифер чыгаруучу ишкана иштеп жатканын айтышты. Тургундар ишкана уруксатсыз жана экологиялык нормаларды бузуу менен иштеп жатат деп эсептешет. Ошол эле учурда продукция рынокко эбак эле чыккан.

Алардын айтымында, заводдун ээси Өзбекстандын жараны Худоерхон Шавкатович Мадалиев экен. Ага өз мекенинде Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин "Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу" беренеси боюнча иш козголгон.

Kaktus.media редакциясы чындап эле заводдун уруксат кагаздары барбы, жокпу, айрым санитардык нормалар бузулганбы, ээси ким экенин жеринде тактоого аракет кылды.

Шифер заводго ким ээлик кылат?

Юстиция министрлигинин ачык маалыматына ылайык, "Асташ ЛТД" ЖЧКсы 2023-жылдын 22-апрелинде катталган. Компанияны кайра каттоо 2022-жылдын 7-июлунда болгон. Компаниянын ишмердүүлүгү - курулушта колдонуу үчүн гипс буюмдарын чыгаруу.

Заводдун директору Жолдошов Медетбек Имаралиевич. Негиздөөчүлөрү Мадалиев Худоерхон Шавкатович жана Сайпжамал Абдукаймова. Ишке киргенден бери завод 770 миң сом гана салык төлөгөн.

Худоерхон Мадалиев тууралуу интернетте эч кандай маалымат жок. Ал эми Өзбекстанда издөөдө экенин жана кылмыш иши кандай аяктаганын тастыктоону талап кылган маалыматтарды билүү үчүн аны менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Бирок экинчи уюштуруучу тууралуу маалымат бар. Абдукаймовага бир нече фирмалар катталган. Анын ичинде "Манон" ЖЧКсынын жалгыз негиздөөчүсү, ал эми директору Турсунов Айбек Талаевич. Компания ресторандарга түрдүү кызматтарды көрсөтүү менен алектенет.

Ачык маалыматтарга караганда, анын салык төлөгөн-төлөбөгөнү тууралуу маалымат жок.

Ошондой эле Абдукаймова ОЗТОПРАК ЖЧКсынын жалгыз негиздөөчүсү болуп саналат. Компания турак-жай жана турак эмес имараттарды куруу менен алектенет.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, 1-мартка карата ишкананын 11,6 миллион сом салык карызы болгон.

Шифер заводдун KG Group компаниясы менен кандай байланышы бар?

Юстиция министрлигинин маалымат базасында Сайпжамал Абдукаймова да, Саипжамал Абдукаимова да бар. Балким, бир эле адам.

Алсак, Саипжамал Абдукаимова Баткен облусунун Кадамажай районундагы "Кара-Дөбө" айыл чарба кооперативинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Башка кожоюндарынын арасында Имамидин Ташов жана анын жакындары бар.

Белгилүү болгондой, Ташов 2013-2017-жылдары "KG Групп" курулуш компаниясынын президенти, 2017-2020-жылдары "KG Групп" компаниясынын координатору болгон. Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалыматы боюнча, Саипжамал Абдукаимова Имамидин Ташовдун апасы.

Ошону менен KG Group`тун ишмердүүлүгү боюнча келишимдер "ОЗТОПРАК" ЖЧКсынан түзүлгөн (балким, азыр деле түзүлүп жатат).

KG Group курулуш компаниясы акыркы кездери каржы маселесинен жана көп кабаттуу турак үйдүн биринде электр жарыгынын жоктугунан улам кепке алынган.

Санитардык нормалар

Санитардык нормаларга ылайык, шахталык айланма жана башка мештерде асбест, магнезит, доломит жана шамот сыяктуу материалдар менен иштеген завод калктуу конуштардан 1000 метрден кем эмес алыстыкта ​​жайгашуусу керек.

Цемент өндүрүшү (портланд-шлак-портланд-позолан-цемент ж.б.), ошондой эле жергиликтүү цементтер (чопо цемент, гипс-шлак цемент жана башкалар), стационардык заводдордо асфальт-бетон, гипс, акиташ (акиташ заводдору менен шахталык жана айланма мештер) калктуу пункттардан 500 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылбашы керек.

Өндүрүштүн өзгөчөлүгүн эске алуу менен шифер заводу жакынкы айылдан бир чакырымдан кем эмес жерде жайгашуусу керек.

Мындан тышкары заводдо атайын фильтрлер жана тиешелүү мамлекеттик органдардын бардык уруксат кагаздары болушу керек. Лабораториялык текшерүүлөрсүз, сертификаттары жок жана зыяндуу өндүрүштүн жергиликтүү тургундарга тийгизген таасири боюнча экспертизанын корутундусу жок ишкананын продукциясы кантип базарга сатылып жатат?

"Асташ ЛТД" ЖЧКсы Кадамжай районундагы Кызыл-Кыя шаарынын Өзбекстан менен 10-15 чакырым аралыкта чектешкен аймагында жайгашкан. Кызыл-Кыя чек ара заставасы, аэропорт, Транспорт министрлигинин салмак көзөмөлдөө кызматы да заводдун жанында жайгашкан. Сыртынан караганда завод жаңы эмес, совет доорунун урандыларына окшош.

Ошол эле учурда социалдык тармактарда жаңы шифер заводунун ачылышы тууралуу жарнама активдүү жайылууда, бул коммерциялык активдүүлүктү көрсөтүп турат.

Кандай мыйзам бузуулар мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдөнөт?

Кызыл-Кыядагы мамлекеттик салык башкармалыгынын жетекчиси Русланбек Зулпуев билдиргендей, "Асташ ЛТД" Кадамжай районунда катталып, өндүрүш үчүн ижарага цехти алган.

"Менин билишимче, завод ишке кирише элек, шиферди тесттик режимде өндүрүп жатат. Башкача айтканда, алар коммерциялык ишмердүүлүгүн баштай элек", - деди Зулпуев.

Ал белгилегендей, ишкана салык төлөгөн эмес, айдын аягында төлөп башташы мүмкүн. Зулпуев ЖЧКнын негиздөөчүлөрү Мадалиев жана Абдукаймованы тааныбай турганын айтып, Жолдошовду биле турганын белгиледи.

"Алар шиферди өндүрүү боюнча бардык тиешелүү уруксат кагаздарын алган, албаганын билбейм", - дейт.

Кадамжай райондук салык башкармалыгынын башчысы Русланбек Темиров "Асташ ЛТД" ЖЧКсы жеке ишкердик менен алектенерин, 2022-жылдын 7-июлунда каттоо күбөлүгү берилгенин, ишкананын ишмердүүлүгү акиташ жана гипс өндүрүү экенин билдирди.

2023-жылдын 8-февралында ишкана Өзбекстандан чийки зат алып келүү үчүн салык органдарынан салык маалымкатын алып, Кызыл-Кыя шаарынын 61-түйүнүндөгү ишканага жабдууларды орнотушкан.

"Башында алар нөлдүк отчёт беришкен. 2023-жылдын март айында 668 620 сом салык төлөшкөн. Эгер февраль, март айларында сата баштаса, 20-апрелге чейин отчёт берип, бардык салыктарды төлөшөт. Андан сырткары биз жерине барып, алардын канча кызматкери бар, эмгек келишимдери түзүлгөнбү, чегерүү жүргүзүлгөнбү жана башка иштерди жүргүзөбүз", - дейт Темиров.

Өз кезегинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынын Кызыл-Кыя шаары боюнча инспектору Алмаз Ташкенбаев "Асташ ЛТД" ЖЧКсынын өкүлү шифер завод ачуу ниетин билдирип, кеңеш сураганын, Өзбекстандан жабдыктарды алып келишкенин айтышканын билдирди.

"Мен дароо эле бул аймакта турак жайлар жайгашканын, калктуу конуш бар экенин, завод ачууга тыюу салынарын айттым. Тиешелүү мамлекеттик органдардан документ алуу үчүн багыт бердим. Ага санитардык зона экенин, завод менен калктуу аймактын аралыгы 1000 метр болушу керектигин белгиледим", - деди Ташкенбаев.

Ал "Асташ ЛТД" ишканасынын өкүлүн шаардык архитектурага жиберип, комиссия чогулганын баса белгиледи. Комиссия завод турак үйлөрдөн 150 метр алыс жайгашкандыктан, ишке кирүүгө мүмкүн эмес жана буга мыйзам тарабынан тыюу салынган деген бүтүмгө келген.

"Менин түшүнгөнүм боюнча, завод өндүрүштү баштады, ага чейин мамлекеттик органдардан комиссия чогулуп, кабыл алуу актысы жүргүзүлүшү керек болчу. Бирок андай болгон жок. Биз өзүбүз барып баарын текшерип алмакпыз, тилекке каршы, арыз жок болсо текшере албайбыз. Менин билишимче, жакында эле заводдо кандайдыр бир текшерүү болгон, бизди прокуратурага чакырышкан, мен ишкана турак жайлардан 1000 метрден кем эмес алыстыкта ​​болушу керектигин, бирок бул аралык сакталбаганын, завод мыйзамсыз иштеп жатканын айттым. Прокуратуранын текшерүүсү кандай аяктаганын билбейм", - деп жыйынтыктады Ташкенбаев.

Кызыл-Кыя шаарынын башкы архитектору Бекболот Максытали уулу "Асташ ЛТД" компаниясынын өкүлү Медетбек Жолдошов заводдун багытын өзгөртүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылганын ырастады. Жолдошов ишкана шифер чыгарып, асбест, цемент иштетип жана башка материалдарды колдонорун айткан.

"Мурда ал жерде электромонтаждык цех бар болчу. Жолдошов кайрылуусунда өндүрүштүн багытын өзгөртүү өтүнүчүн келтирген. Биз Эркин экономикалык аймактын корутундусун алдык, анда заводдун багытын өзгөртүүгө болбой турганы, себеби, калктуу пункттан 1000 метр эмес, 150 метр эле алыс жайгашканы санитардык норманы бузат деп айтылган. Бул жашоочулардын дагы саламаттыгына таасир этет", - деп түшүндүрдү архитектор.

Ал ишканага эң башында эле цех өндүрүш үчүн жарабай турганын айткан. Архитектор кат түрүндө да жооп берген.

"Жөнөкөй сөз менен айтканда, завод иштебеши керек. Тилекке каршы, биз текшерүү менен ал жакка кире албайбыз, ал үчүн Экономика министрлигинен уруксатыбыз болушу керек. Жакынкы аралыкта биз тиешелүү мамлекеттик органдарга заводдун мыйзамсыз иш-аракеттерин текшерүү үчүн документтерди өткөрүп беребиз", - деди Максытали уулу.

Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасынын тергөөчүсү Афтандил Темирбаев тиешелүү мамлекеттик органдардан Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына жарандар шифер өндүрүшүнө керектүү жабдууларды алып киргени туралуу маалымат берилгенин айтат.

"Биз текшерүү жүргүзүп, Медетбек Жолдошовду суракка алганбыз. Ал өндүрүшкө керектүү жабдыкты коңшу өлкөдөн алып келгенин моюндап, коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзүүгө ниети жок экенин, жабдыкты жөн эле алып киргенин билдирген. Жыйынтыгында биз мыйзамсыз эч нерсе таппай, ишти жапканбыз", - дейт прокуратуранын тергөөчүсү.

Ал завод өндүрүштү баштап, коммерциялык ишмердүүлүк менен алектенип жатканын журналисттерден билип жатканын кошумчалады.

Афтандил Темирбаев "Асташ ЛТД" ЖЧКсынын ишмердүүлүккө тиешелүү уруксат кагаздары бар, жогун билбей турганын, бирок жакын арада мамлекеттик башка органдар менен текшерүүнү баштай турганын айтат.

Ишкананын жумушчулары менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок. Андыктан ишкана келишими жок иштейт деген кептер азырынча тастыктала элек.

Заводдун комментарийи

"Асташ ЛТД" ЖЧКсынын директору Медетбек Жолдошов менен журналист телефон аркылуу байланышты. Директор заводдон эмес Кызыл-Кыядагы көчөлөрдүн биринен жолугушууга чакырып, ишканага киргизүүдөн баш тартты. Жолугушууда директор шифер заводдун ээси эместигин айтты.

Башка жагдайлар боюнча расмий комментарий берген жок, бирок редакция ишкананын пикирин угууга али да даяр.

Жергиликтүү уруксат берүүчү структуралар ишкана экологиялык нормаларды бузуу менен курулган деп эсептешет. Ошол эле учурда ишканада продукциянын лабораториялык текшерүүлөрү, шайкештик сертификаттары бар же жок экендиги тууралуу алардын маалыматы жок. Жергиликтүү аткаминерлер жана эксперттер калдыктарды жана жалпы өндүрүштүн жакын жайгашкан конуштун жашоочуларынын саламаттыгына тийгизген таасирин текшерген эмес. Муну менен компанияга коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат ачкан. Керектөөчүлөр буга чейин сатып алган продукциянын сапаты белгисиз бойдон калууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11607