Кыргызстанда 19 бала карыган ата-энесин таштап кеткени үчүн алимент төлөйт
RU

Кыргызстанда 19 бала карыган ата-энесин таштап кеткени үчүн алимент төлөйт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда жыл сайын 10 миңден ашык үй-бүлө ажырашат. Бул сандар Улуттук статистикалык комитеттин сайтында белгиленген.

Эки жолго түшкөн үй-бүлөлөрдө эркек же аял балдары үчүн алимент чегериши керек.

Ушул тапта 54 миң 472 эркек балдары үчүн алимент төлөйт. Ал эми сот департаментинде алиментке байланыштуу жалпы 54 миң 718 иш бар.

Алимент - бул шарттуу түрдө эркек киши аялы менен ажырашып кеткенден кийин балдары үчүн төлөнүүчү каражат.

Бирок балдар атасында калган учурда аялдар алимент төлөөгө милдеттендирилген.

Кыргызстанда 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча мурунку күйөөсүнө балдары үчүн алимент төлөгөн 227 аял бар. Бул тууралуу Сот департаментинен Kaktus.kg редакциясына билдиришти.

Алимент ажырашкан үй-бүлөлөргө эле тиешелүү эмес.

Үй-бүлөлүк кодекске ылайык, карыган ата-энелерин таштап кеткен балдар да алимент төлөөгө милдеттүү. Учуда 19 бала ата-энесин таштап кеткени үчүн алимент төгөт.

Ошондой эле ата-энеси жок бир туугандардын улуулары ини-карындаштарына алимент төлөшү керектиги жазылган.

Кодексте бала ата-энесиз калса, чоң ата, чоң апа, таята, таэнеси алимент төлөшү керектиги белгиленген.

Эгер аял-күйөө эки ажырым жолго түшсө, сот бир тарапты алимент төлөөгө милдеттендирет. Баланы алып калган тарапка жубайлардын бири алимент төлөшү керек болот. Соттун чечими чыгып, бирок, убагында төлөбөсө алимент алуучу киши үч жылдын ичинде өтүп кеткен убак үчүн акча алганга укуктуу. Сот өткөн убактарды бир жылга теңме тең бөлүп берет.

Бир балага - төрттөн бир, эки балага - үчтөн бир, үч же андан көп балага - эмгек акынын жарымы же иш жүзүндөгү кирешесинен алынат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11609