Ж. Назаралиев: Шайлоо учурунда "Тандоо эркиндиги" партиясынан байкоочулар болбойт
RU

Ж. Назаралиев: Шайлоо учурунда "Тандоо эркиндиги" партиясынан байкоочулар болбойт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бул эмне дегенди билдирет?

Биринчиден, биз өзүбүздүн тандообузга жана жарандык коомго толугу менен ишенебиз. Шайлоочулардын добушуна байланыштуу кандайдыр мыйзам бузууларга жол берилбейт деген пикирдебиз.

Экинчиден, биз өлкө жетекчилигине ишенебиз. Бийлик Бишкек шаардык кеңештик шайлоонун жана референдумдун жүрүшүнө дыкат көз салат – бул бардыгы бурмалоосуз өтө тургандыгына кепилдик берет.

Акыркысы, биз партиялар арасында жагымдуу атаандаштык түзүлүп жаткандыгын көрүп жатабыз. Ар бири анын капчыгы, маданий деңгээли жана интеллектиси мүмкүнчүлүк берген деңгээлде аракет кылууда. Албетте, мындай саясий күрөштө айрым партиялар мыйзам бузууларга барып жатышат. Бирок, аларга тиешелүү жаза чаралары көрүлөт деген пикирдебиз.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигине жаңы көз карашта болгондуктан биз атаандаштарыбыз тараптан да, бийлик тараптан да эч кандай кысымга алынган жокпуз. Шаардык кеңешке ким бара тургандыгын силер – Бишкектин тургундары гана чече турганыңарды анык билип турабыз.

Өзүңөрдүн добушуңарды сатпагыла жана шайлоого кайдыгер болбогула!

Биздин максаттарыбызды эсиңерден чыгарбагыла:

1. Жакырчылыкты жоюу;

2. Улуттук духту кайтаруу – Кыргыз элине улуттук абийирди жана улуттук сыймыкты кайтаруу;

3. Интернационалдык коомду өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрө түзүү;

4. Кыргызстандын бардык жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу!

11-АПРЕЛДЕ – "ТАНДОО ЭРКИНДИГИ", №8!

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 90а. Буйуртмачы: "Тандоо Эркиндиги" саясий партиясы. Партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сапаралиева К.А. тарабынан "Тандоо Эркиндиги" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү.

Чыга турган күнү: 05.04.2021-ж. Нускасы: 1.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1160